БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы орто статистикалуу үй-бүлө канча балалуу экенин Улуттук статистикалык комитет эсептеп чыккан.
Маалыматка ылайык, шаар жана элетте жашаган орто чарба үй-бүлө орточо эсеп менен бир баланы тарбиялайт экен.
Кирешеси бир кишиге 2,5 сомдон айланган шаардык жакыр үй-бүлө эки балалуу болсо, айылда жашаган мындай үй-бүлө үч перзентти тарбиялап келет.
Бир кишиге 1,5 миң сомдон туура келген шаарда жашаган өтө жакыр үй-бүлөнүн үч баласы болсо, айылдагы мындай ата-эне төрт наристелүү болгону аныкталды.
Статистика боюнча, ар бир үчүнчү кыргызстандык жакыр болуп саналат. Ал эми өтө жакыр жаран жүздөн бирөө болот.