БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ош жана Жалал-Абад облустарында ири өлчөмдө салык төлөөдөн баш тарткан эки ишкана аныкталганын Финансы полициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош облусундагы "Тунгус-Строй" компаниясынын өлкө казынасына болгон карызы 1 млн. 817 миң сомго жетсе, Жалал-Абадда жайгашкан "Гулам-Ата" ишканасы 951,6 миң сомдун салыкты төлөбөй келген.
Аталган фактылар боюнча Финансы полициясы кылмыш иштерин козгоп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын белгиледи.