БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстандын "Достук " көзөмөл өткөрүү жайынан унаасында баңгизат бар 36 жаштагы кыргызстандык аял кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жаран өткөрүү пунктунун аймагына Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаасы менен кирген. Текшерүү маалында кызматтык ит унаада баңгизат бар экени боюнча белги берген.
Андан кийин чек арачылар Бажы кызматкерлери менен биргеликте тинтүү жүргүзүп, унаанын арткы бөлүгүнөн целлофан баштыкка оролгон 118 грамм нашаа табышкан.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран Ош шаарынын тийиштүү мекеме кызматкерлерине өткөрүп берилди.