БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Нарын мамлекеттик Университетинде STEM кышкы мектебинде окуп жаткан кыздар үчүн так илимдер боюнча сабактар өтүлүүдө. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондусунан билдиришти.
Андан сырткары жергиликтүү коомдук фонду менен биргеликте адамдын мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу боюнча окутуулар да жүргүзүлөт.
Кыздар сын көз менен ой жүгүртүү, финансылык сабаттуулук, чечендик чеберчилик, тайм менеджмент боюнча окушат.
"Көпчүлүк кыздар мындай тренингдерге биринчи жолу катышып жаткандыктан, адегенде тартынып отурушту. Кийинчерээк тренингдин жүрүшүндө өз пикирлерин айтып, дискуссияларга активдүү катышып башташты", — деп айтылат таратылган маалыматта.
Мындай окутуулар учурда Кыргызстандын беш дубанында "Кыз-келиндер илим менен техникада" (STEM) деп аталган долбоордун алкагында өтүп жатат.