БИШКЕК, 19 янв — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Сауд Аравиясындагы кесиптеши Абдуллу бин Мухаммад бин Ибрагим Аль Аш-Шейхти Кыргызстанда өтө турган дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Кыргыз парламентинин төрагасы менен депутаттары Сауд Аравиясында расмий сапар менен жүрүшөт.
Мажлистин (парламенттин) төрагасы чакырууну жылуу кабыл алып, 2016-жылдын сентябрь айында өтө турган көчмөндөр оюнуна келе турганын билдирди.
Мындан сырткары Асылбек Жээнбеков Сауд Аравиясынын Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд менен дагы жолукту. Анда төрага эки тараптуу мамилелердин өнүгүшү канааттандырарлык экенин белгиледи.
Жолугушууда кыргыз-сауд мамилелерин жогорку деңгээлге чыгаруу, жакын арада жыйынтык берүүчү долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды.