https://sputnik.kg/20150724/1016932034.html
Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосунда түз аба каттамы түзүлмөкчү
Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосунда түз аба каттамы түзүлмөкчү
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Өкмөтү менен Сауд Аравия падышалыгыгын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. 24.07.2015, Sputnik Кыргызстан
2015-07-24T11:27+0600
2015-07-24T11:27+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/101480/97/1014809721_0:12:3239:1844_1920x0_80_0_0_53e4594129860968911dc3cd07813b65.jpg
сауд аравиясы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2015
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101480/97/1014809721_0:0:3239:2036_1920x0_80_0_0_e5dcc66bc4d65f96743fe6d0ba1d5fdc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, дүйнөдө, коом, жаңылыктар, сауд аравиясы, алмазбек атамбаев
кыргызстан, дүйнөдө, коом, жаңылыктар, сауд аравиясы, алмазбек атамбаев
Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосунда түз аба каттамы түзүлмөкчү
11:27 24.07.2015 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Кыргызстан Өкмөтү менен Сауд Аравия падышалыгыгын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашуу ратификацияланды.
БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз өкмөтү менен Сауд Аравия падышалык өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Документ расмий түрдө "2014-жылдын 2-декабрында Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам деп аталат.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 17-июнунда кабыл алынган.
Документке ылайык, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл мамлекеттик ички жол-жоболорду КР аткарганы жөнүндө Сауд Аравиясы тарапка кабарлоо тапшырмасы берилди.
Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.