БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Акыйкатчы институтунун жардамы менен психикалык ооруканада жаткан энесин кызы алып кеткенин аталган мекеме билдирди.
Маалыматка ылайык, аял психикалык саламаттык борборуна тез жардам менен өткөн жылдын май айында жалгыз алып келинген. Оорукананын жетекчилиги оорулуунун жакындарын аныктоо өтүнүчү менен бир нече ирет Октябрь жана Ленин РИИБ кайрылган, бирок эч натыйжа чыккан эмес.
Андан кийин дарыгерлер акыйкатчыга жардам сурап кайрылышкан. Институттун кызматкерлери ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаевге кайрылып, аялдын кызынын номерин тактоого жетишкен.
Учурда кызы энесин ооруканадан алып кеткени белгилүү болду.