БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Кыргыз Эл баатыры, драматург, прозаик Бексултан Жакиев өзүнүн 80 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу залкар инсан премьер-министр Темир Сариевдин куттуктоосу учурунда билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө өсүп келе жаткан муунду туура багытта тарбиялоо башкы маселеге айланууда.
"Мындай шаан-шөкөттөрдөн баш тартышыбыз керек. Андан көрө бул каражатты маданиятты өнүктүрүүгө, өлкөнүн тарыхын жайылтууга жумшоо зарыл", — деди Жакиев.
Өкмөт башчы жазуучу ушу күнгө чейин китеп күйөрмандарын жаңы чыгармалар менен сүйүнтүп келе жатканын белгилеп, бекем ден соолук, бакыбат карылык доор каалады.