Ипотека жөнүндө эмнелерди билиш керек?

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүИпотека насыясын алуу банк бөлүмүндө. Архив
Ипотека насыясын алуу банк бөлүмүндө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турак үйдү сатып алуунун шарттары, эсептешүү мөөнөтү, үстөк пайызы жана максималдуу аянты туурасында Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар.

15-январдан тартып жакында түзүлгөн Мамлекеттик ипотекалык компания насыяларды берүүнү баштайт. Муну менен "Жеткиликтүү турак-жай" программасы жүзөгө ашыруу максаты коюлууда. Ипотека маселеси боюнча эң көп берилүүчү суроолорго мамлекеттик компаниядан, өкмөттөн жана Каржы министрлигинен жооп беришти.

Ипотека алуу шыбагасы кимге буюрган?

Сариев ипотекалык кредит алгач кимге берилээрин айтты
Медицина кызматкерлери, мугалимдер жана социалдык кызматкерлер. Жаш курагы 21ден кем эмес болушу зарыл. Аталган кесиптер боюнча эмгек стаж үч жылдан кем эмес, алардын ичинен жок дегенде бир жыл акыркы иш ордунда эмгектениши керек. Өкмөт келечекте ипотека алуучулардын тизмесин кеңейтүүнү пландап жатат. Алардын ичинен көп балалуу бүлөлөр, мамлекеттик же кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгондордун туугандары артыкчылык укукка ээ болушат. 

Эгер турак-жайым болсо, арыз бере аламбы?
Талаптар: жеке турак-жайы жок же турак-жай аянтын кеңейтүүгө муктаждык болушу керек. Бирок биринчи кезекте турак үйү такыр жокторду камтыганга аракет кылынат. Ошондой эле акыркы үч жылда кыймылсыз мүлккө байланышкан жарандык келишимдин (сатуу-сатып алуу) жоктугу да шарт. 

Эгер төлөп бүтө элек насыям болсо, ипотека алганга арыз бере аламбы?
Мурда алган насыянын жана ал боюнча төлөмдүн көлөмүнө жараша болот. Банк кызматкерлери кайрылган ар бир киши боюнча карап, талдап чыгып, анан чечим чыгарат. 

Бериле турган ипотеканын көлөмү канча?
3 миллион сомдон ашпайт. Бул сумма өлкөдөгү турак-жайдын баасы боюнча бир катар эсептөөлөрдү жүргүзгөндөн кийин аныкталган. 

Ипотека боюнча алууга мүмкүн болгон турак-жайдын көлөмү канча?
Көп кабаттуу үйдөгү турак-жай 70 чарчы метрден, жер үй 150 чарчы метрден чоң болбошу керек.

Канча жыл төлөш керек?
Ипотекалык насыяны төлөөнүн эң узак мөөнөтү — 15 жыл.

Насыя кайсы акча менен берилет жана кайсы акча менен төлөш керек?
Насыяны берүү жана аны төлөө улуттук акча – сом менен гана жүргүзүлөт. Үстөк пайыз жана төлөмдүн көлөмү валютанын курсу өйдө-ылдый болушунан эч өзгөрбөйт. 

Үстөк пайыз жана баштапкы төлөм канча болот?
Үстөк пайыз баштапкы төлөмгө жараша 12-14 пайыз болот. Эң аз 12 пайыз үйдүн баасынын 30 пайызын төлөгөн учурда берилет.

13 пайыздык үстөк төлөм зарыл сумманын 20 пайыздан ашыгын төлөгөндө берилет. Ал эми 14 пайыздык үстөк төлөм, баштапкы төлөм 10 пайыздан көп болсо, чегерилет. 

Ай сайын канча сомдон төлөп туруш керек?
Насыя эң көп суммада алынып, жана аны жабууга эң узак мөөнөт белгиленсе, ай сайын төлөнүүчү акча 15 миң сомго чейин жетет.

Насыяны алыш үчүн кирешең канча болушу керек?
Пландалып жаткан насыя менен ай сайын төлөнүүчү акчанын көлөмүнө жараша болот. Ипотека алган кишинин каржылык абалы насыяны төгүп жана андан сырткары үй-бүлөсүнүн чыгымдарына жеткидей болушу керек.

Акча каражаттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ипотекалык компания жыл аягына чейин 6 млрд. сом жумшайт
Үй ала тургандардын тизмесин ким түзөт? 

Жергиликтүү администрациялар (жашаган жери боюнча) жана мамлекеттик органдардын жергиликтүү бөлүмдөрү (иштеген жери боюнча). Программанын ишин депутаттардан, мамлекеттик органдар менен коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган комиссия жөнгө салып, көзөмөлдөп турат. 

Тизмелерди түзүүдө коррупция аралашпайбы?

Жер-жерлердеги жетекчилер өздөрү түзүп жаткан тизмелер үчүн жооп беришет. Тандоо процесси ачык-айкын болуп, ал эми тизмелер мамлекеттик комиссиянын сайтына жайгаштырылат. Мыйзам бузулган учурда маалымат укук коргоо органдарына берилет.

Кайрылууларды кароо мөөнөтү канча? 
Болжол менен 10-15 күн.

Мамлекеттик компаниянын акчасы жетеби?
Азыркы кезде уставдык капиталы 300 миллион сом, акырындып дагы беш миллиард сом кошулат. 

Мен Бишкекте жашабайм, бул ипотекалык насыя алуума тоскоол болобу?
Программа Бишкекке эле эмес, бүтүндөй өлкөгө эсептелген. Ипотекалык насыялоо – аймактарда жашоочу социалдык тармактын кызматкерлерин колдоо боюнча чараларды бири.

Кандай документтер керек?
Документтердин тизмеси өнөктөш банктын талабына жараша болот. Бирок аларга милдеттүү түрдө үй-бүлөнүн кирешеси, үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны, турак-жайынын жоктугу жана акыркы үч жылда турак-жайга байланышкан келишим түзүлбөгөнү туурасында маалым каттар кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0