00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Село Оттук и «Монументы Победы»: как восстанавливают памятники ВОВ в Кыргызстане
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ажылыктын талаптары кандай өзгөрдү — ажылыкка 6060 кыргызстандык барат
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Кто управляет вашим домом: как работают ТСЖ и что меняет новый законопроект КР
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы жана "Өчпөс полк" жүрүшү
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кто переписывает историю и зачем: разговор с историком Эсеном Усубалиевым
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Кыргызстандын туристтик рыногуна таасирин тийгизеби?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Аблада ала салган автоунаа: сууга төгүлгөн май, суусаган эл жана кырылган балык

© Фото / пресс-служба МЧС КРБишкек — Ош унаа жолунда оодарылып калган май ташуучу унаа.
Бишкек — Ош унаа жолунда оодарылып калган май ташуучу унаа. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ кечинде ала салып кеткен бензин ташыгыч бул сапар да элди ичкен суудан куру калтырды. Ал эми жергиликтүү балык чарбасынын кызматкерлери баккан форелдери кырылып калат деп кооптонуп жатат.

БИШКЕК, 13-янв — Sputnik. Жайыл районундагы Сосновка айылындагы суу топтоочу жайга жакынкы 10 күнгө чейин суу берилбейт. Бул туурасында Талды-Булак айыл өкмөтүндөгү Ичүүсү суу боюнча "Сарыкул" айылдык коомчулуктун төрагасы Айдар Турдукулов билдирди.

Буга чейин ӨКМ кабарлагандай, 12-январда кечке жуук Бишкек — Ош унаа жолунун 116-чакырымында (Жайыл району) май ташуучу унаа 38 тонна бензин алып бара жатып, жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен, Абла суусуна болжол менен 13-14 тонна күйүүчү май төгүлгөн.

Турдукуловдун айтымында, дарыянын суусун адатта жакынкы айылдар ичүүгө жана сугат иштерине пайдаланып келишет. Мындай авария жылына жок дегенде эле эки-үч жолу болуп, жергиликтүү тургундарды мезгил-мезгили менен түйшүккө салып келет. Себеби, ууланган сууну элге берүү дароо токтотулат. 

"Кышында дайыма саксактап турабыз, себеби жол тайгак жана кооптуу эмеспи. Ушул мезгилдер аралыгында автоунаасы аварияга учураган бир гана компания каражат төлөп берген. Суу калбай калганда эл өздөрү фляга менен ташып келгенге аргасыз болот же жалпылап суу ташыгыч машине жалдайбыз", — деди ал. 

Кыргызстан айлана-чөйрөнү булгоого каршы күрөшүү жөнүндө отчет берет
Айылдыктар мындай кырсыктардан кийин суу менен камсыз кылган жайдын ачылышын жумалап күтөөрүн айтышты. Ал эми көптөн күттүргөн суу келгенде деле "май жыттанып" турат экен. 

Калинин айылындагы Мергенчилер менен балыкчылар коомунун өкүлү Сергей Гаршиндин айтымында, ошон үчүн бензин же май таштарда көпкө чейин кетпей кала берет, аны оңой менен жууп да кетире албайсың.

"Бул форель балыгына кесепетин тийгизет, тагыраагы дароо өлүп калат", — деди ал.

Айыл жана суу чарба министрлигинин алдындагы Балык чарбачылыгы боюнча департаментинин директору Самат Күчүков мындай жагдайдан кийин форелди кармоого болбой каларын айтты.

Эгерде май ташыган унаалар күн жылуу мезгилдери кырсыкка учураса, кесепети андан да жаман болот.

"Жайында кырсык болсо, сугат иштерине кедергисин тийгизет. Бир жазда ушундай авария катары менен 5-6 ирет болуп кетип, сууну бир нече күнгө токтотуп коюшкан. Арпа, будай, жүгөрү, картошка 10 күндөй суугарылбай калып, начар түшүм алганбыз. Чыгымдарыбыз үчүн бизге эч ким эч нерсе төлөп берген эмес", — деди Турдукулов. 

Мындай кырсык болгон учурда, жергиликтүү эл көңүл сыртында калып, айыппул мамлекеттик органдарга гана төлөнөт. Бул туурасында Талды-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Жеңиш Айдарбеков төмөнкүчө пикирин билдирди.

"Мындай учурдарда экологияга келтирген зыяны үчүн Санитардын эпидемиологиялык станцияга жана жол кырсыгы үчүн Жол кайгуул кызматына айып төлөнөт. Ал эми жабыр тарткан айыл өкмөтүнө компенсация катары эч нерсе каралган эмес. Биздин көйгөйүбүз ушунда болуп жатат", — деди айыл өкмөтүнүн башчысы.

Нефть чыгаруучу завод. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда мыйзамсыз нефть казып келген чет элдик компания аныкталды
Анын айтымында, бир рейс менен ташылган суунун баасы — 1000 сом. Ал эми Талды-Булактыктын 2,5 миң жашоочусун (ага үч — Кайырма, Бөксө-Жол, Бекитай) таза суу менен бир күнгө камсыз кылуу үчүн бери дегенде 12 рейс жасаганга туура келет. Элди суусуз калтырбай үчүн ага кеткен каражатты айыл өкмөтү төлөп берет. 

Мамлекеттик экономикалык техникалык инспекциядан учурда Абла суусунан алынган үлгү лабораторияга жөнөтүлгөндүгүн айтышты. Эгерде, компаниянын күнөөсү аныкталса, 15 миң сом айып салынат. Ал эми күнөөлүү деп айдоочуну аныкташса, ага 10 миң сом төлөөгө туура келет. 

"Азыр суунун үлгүсүн алып, лабораторияга жөнөтүлдү, жыйынтыгы 10 күндөн кийин чыгат", — деп билдирди Мамлекеттик экономикалык техникалык инспекциянын маалымат кызматы. 

Мамтехэкоинспекциядан эгерде балыктардын өлгөнү аныкталса, ар бир балык үчүн өзүнчө айып салынарын, анын көлөмү 800 сомдон 2000 сомго чейин экендигин айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0