БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызстандык Нурдин Букуев менен Кемел Токабаев Футзал боюнча Азия чемпионатында иштей турганын КРдин футзал боюнча федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
Букуев оюнга калыстык кылса, Токабаев оюндарды уюштуруучу жетекчи болуп бекитилди.
Азия чемпионаты 10-февралдан 21-февралга чейин Ташкент шаарында өтөт. Кыргызстандын командасы Өзбекстан, Ливан жана Сауд Аравия командалары менен "А" тайпасында ойнойт.
Бул мелдеш үчүн Кыргызстандын командасы декабрь айында Москва шаарында даярдыктарды көргөн. Эми 25-январдан 7-февралга чейин экинчи машыгууларын өткөрөт.