АКШнын экс-генералы: Сауд Аравиясы менен Иран согушуп кетиши мүмкүн

© REUTERS / AHMED AL-HUSSEINIДемонстранты на улицах Саудовской Аравии сжигают флаги
Демонстранты на улицах Саудовской Аравии сжигают флаги - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сауд Аравиясы менен Тегеран ортосундагы чатак аймактагы "туруктуулук менен экономика" маанилүү болгон бардык тараптарды кооптондуруп жатат.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Сауд Аравиясы менен Иран ортосундагы азыркы тирешүү чоң чатакка жетиши мүмкүн. Бул туурасында АКШнын куралдуу күчтөрүнүн борбордук башкармалыгынын мурдагы командачысы, генерал Энтони Зинни Fox News жаңылыктар каналына айтып берген.

Куралдуу күчтөрдүн мурдагы жетекчисинин көз карашында, бул абал аймактагы "туруктуулук менен экономика" маанилүү болгон ар бир кишини кооптондуруп жатат.

"Кооптондура турган кабарлар келип жатат. Эгер чатак ырбап кетсе, Иран менен Сауд Аравиясынын ортосундагы чоң согушка алып келиши мүмкүн. Бул Перси булуңун жаап, энергетикалык эркиндик менен ары-бери каттамдарды чектөөгө алып келет",— деп түшүндүрдү Зинни.

Иран: дипмамилени үзүү Эр-Риядга өлүм жазасын "жашырууга" жардам бербейт
Экс-генерал Эр-Рияд жана Тегеран ортосундагы чатак "Ислам мамлекетине" каршы күрөштө негизги күчтөрдү алаксытып жана Вашингтонду колдогон өлкөлөр арасында ички туруксуздукту жаратышы мүмкүндүгүн кошумчалады. 

Ишемби күнү Сауд Аравиясынын ИИМи шиит диний үгүттөөчүсү Нимр ан-Нимрди баш кылып 47 кишини өлүм жазасына тартканы тууралуу билдирүү тараткан. Тегеран үгүтчүнүн өлтүрүлүшүн катуу сынга алып, Иранда бир катар нааразылык акциялар өткөн. Жай тургундардын чабуулуна Сауд Аравиянын Тегеран жана Мешхед шаарларындагы дипломатиялык мекемелери туш болгон. Мындан улам, аталган мамлекеттин Тышкы иштер министрлиги Иран менен дипломатиялык мамилени үзгөнү тууралуу расмий билдирүү тараткан.

Иран менен дипломатиялык алакасын үзө тургандыгын Бахрейн менен Судан мамлекеттери да жарыя кылып, ал эми Бириккен Араб Эмирлиги дипломатиялык мамилелердин макамын төмөндөтө тургандыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0