БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Алай районунун Жошолу айылындагы жаңы жылдык отуруш 16 жаштагы өспүрүмдүн өлүмү менен аяктаганын ИИМ билдирди.
Кырсык 2015-жылдын 29-декабрында болгон.
"Жошолу айылынын 16 жаштагы жашоочусу ата-энеси үйдө жоктугунан пайдаланып, жаңы жылдык кече уюштурган. Анын жүрүшүндө балдар уруша кетип, бири экинчисине беш ирет бычак урган. Жабырлануучу көп кан жоготуп, ооруканага жетпей каза болду", — деп айтылат билдирүүдө.
Күбөлөрдүн көрсөтмөсүнүн негизинде кырсыкка шектүү жаран кармалып, учурда камакка алынды. Кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.