БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Саякбай манасчы боюнча тартыла турган тасмага жазылган сценарийдин сынагы январдын этеги менен жыйынтыкталып, 7-февралда жыйынтыгы чыгат. Бул тууралуу "Саякбай манасчы" коомдук фондусу билдирди.
Маалыматка ылайык, 13 кишиден турган комиссия түшкөн сценарийлердин ичинен мыктысын тандайт. Тасма май айынан баштап тартылат. Ал эми ага чейин актерлор тандалмакчы.
Жалпы жонунан 100 миллион сом бөлүнгөн тасманы режиссер Эрнест Абдыжапаров тартмай болгон.
Фонд мүчөлөрү улуу манасчы Саякбай тууралуу тасма 2017-жылдын күзү менен эл назарына тартууланарын белгиледи.