Мектеп окуучулары арасында театралдык фестиваль өтөт

Жазылуу
Январдын башы менен баштала турган иш-чаранын мыктыларын эки ай аралыгында тандалат. Район-облустардан тандалып келген мыкты спектаклдерди сыйлоо аземи Бишкек шаарында өтөт.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Кыргызстандын орто мектептеринин арасында театралдык фестиваль өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Манасчы сахнада манас айтып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жыл жыйынтыгы: маданиятыбыз уучубузду кур койгон жок
Маалыматка ылайык, Биринчи айлампа 4-9-январь күндөрү райондордо өтөт. Ар бир райондон мыкты деп табылган бирден спектакль экинчи айлампага жолдомо алат. 2016-жылдын 11-12-январында облустарда өтө турган жаш актерлордун жарышынан тандалып чыккандар үчүнчү айлампага чыгат. 

Жыйынтыктоочу бөлүк Бишкек шаарында өтүп, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи март айында Кыргыз улуттук драма театрында болот. 

Окуучуларга көркөм-эстетикалык жактан тарбия берүү, дүйнөлүк жана улуттук адабий көркөм чыгармалар менен терең тааныштыруу максатын көздөгөн иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте өткөрүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0