БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Көптөн күткөн жаңы жыл да келди. Ошентсе да майрамдык маанай социалдык тармактарда тарай элек. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Instagram социалдык тармагында жаңы жылдык маанайды тартуулаган сулуу бийкечтердин тандады.
Көздөрү жал-жал күйгөн сулуу кимдин болбосун жүрөгүн жибитчүдөй.
Назик колдорундагы кар бүртүктөрүн үйлөп жаткан бийкеч.
Кыздын көзү кызылда деген ушул болсо керек. Кийими тулку боюнча куп жарашыптыр.
Эки элдин достугун чыңдаган бийкеч.
Бул сүрөттү көргөн боз уландардын жүрөгүбир болк этсе керек!
Жаңы жылда сиздин ар бир кыялыңыз орундалышына ишенебиз!
Бул сулуунун бир көз карашы эле далайды эстен тандырат.
Аяз кыздын образындагы Самара Каримова.
Кымча бел бул сулуулар чимириле бийлегенде алардан ажары дагы ачылат.
Жаңы жыл ар бир үйгө жылуулук алып келсин.