00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
16:51
8 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Умело копить и грамотно вкладывать: чему еще учат в рамках глобальной недели денег?
08:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Ишкерлерден 44 арыз түштү. Ак ниет ишкерлерди реестрге каттоо процесси кандай жүрүүдө?
09:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Что афгано-пакистанский конфликт означает для безопасности Центральной Азии
10:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкек мэриясы: 2026-жылы 119 км жол курулат жана кайра курулат
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо мыйзамы сунушталууда. Ишкерлике бул эмне берет?
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Закат феодалов, подъём капиталистов: беседа о смене эпох и устройстве общества
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жыландан Кой жылына өткөн түндөгү кырсыктар. Маймыл жылын кантип коопсуз тосуу керек

Жазылуу
Статистика боюнча жыл сайын жаңы жыл түнү ар кандай кырсыктар катталат. Жол кырсыктары мас абалда айдоого байланыштуу болсо, өрт пиротехниканы олдоксон колдонуудан чыгат.

БИШКЕК, 31-дек. – Sputnik. Жылан жылы узап кой жылы кирип келген түнү, тагыраагы 2014-жылдан 2015-жылга оогон түндө бир сутканын ичинде республика боюнча 20 жол кырсыгы катталып, 38 өрт чыккан.

Чет жактагы мекендештер жаңы жылды кантип тосушат?
Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин өрттү алдын алуу башкармалыгынын маалыматына ылайык, 11 өрт кырсыгы пиротехникалык каражаттардын пайдалануудан жаралган. Жыйынтыгында бир адам каза таап, дагы бирөө жаракат алган. 

Ал эми ИИМдин маалыматы боюнча катталган 20 жол кырсыгынан төрт адам каза тапкан. Кырсыктын көбү унааны мас абалда айдоого байланыштуу болгон. Жалпысынан 24 адам ар кандай жаракат алган.

Sputnik Кыргызстан 2016-жылды кырсыктан сырткары тосуу үчүн кандай даярдыктарды көрүү керек экенин билип көрдү. Өрттү алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Адилет Жекшенбаев кыргызстандыктарга төмөнкүдөй кеңештерин берди.

  • Жаңы жылды коопсуз жана майрамдык маанайда өткөрүү үчүн пиротехниканы адистештирилген дүкөндөрдөн сатып алып же колдон келсе колдонбой коюу керек
  • Балатыга жагылган шамдардын кубаттуулугу 25 вольттон ашпоосу зарыл
  • Бенгал шамдарын күйгүзүү коркунуч жаратат. Себеби, чачырандылары саманга же синтетикалык кийимдерге түшүп кетсе, өрт чыгышы мүмкүн 
  • Балатылар эл чыгуучу жолдорду тоспогондой жерге коюлушу керек 
  • Пиротехниканы адистештирилген дүкөндөрдөн сатып алган жакшы. Себеби, ал жактан жок дегенде, жасалмасына туш болбойсуз, бул албетте, коопсуз болот 
  • Пиротехниканы кайсыл жеринен тутандырып, билиги канча убакытка чейин күйүп, ракеталар кайсы жакты көздөй уча тургандыгын уялбастан суроо керек. Мындан сырткары, пиротехникалык заттарды колдонуу жөнүндөгү көрсөтмө мамлекеттик же болбосо расмий тилде жазылуусу шарт
  • Жаңы жыл түнү салютту керектүү убакта, белгиленген жерде гана аттыруу керек. Алардын учкуну бирөөнүн жыйылган чөбүнө же балконуна түшпөгөндөй болушу шарт
  • Кокустан өрт чыгып чоң аянтты жалмап кетпеши үчүн үйгө өрт өчүрүүчү каражат алып коюу туура болот

Sputnik Кыргызстан бардыгыңыздарды жаңы жыл майрамыңыздар менен куттуктап, коопсуз майрамдык кече каалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0