БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Жалал-Абадда ИИМдин 10-башкы башкармалыгы коопсуздук чараларын көрүү максатында "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик тобунун 11 мүчөсүнүн үйүн тинтүүгө алды. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.
Маалыматка ылайык, Сузак районунан экстремисттик маанайдагы адабият, баракчалар, уюлдук телефондор, планшет, видео жана аудио кассета, флеш-карталар, курал-жарактын ок-дарысы, баңгизат жана өзбек тилиндеги гезиттер табылган.
Учурда алынган буюмдардын баары экспертизага жөнөтүлдү.
Министрлик аталган аймакта түшүндүрүү иштери жүрүп, курч кырдаалдын алдын алуу боюнча нускамалар берилүүдө.