Өкмөттүн сатыкка болгон салыкты жоюу сунушун депутаттар жактырбай жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку кеңештин жыйыны учурунда. Архив
Жогорку кеңештин жыйыны учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика министри мындай чечимди кабыл алуу менен ишкерлерге жаңы жылдык белек болорун белгиледи.

БИШКЕК, 28-дек. – Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинде Өкмөттүн сатыкка болгон салыкты жаңы жылга чейин жоюп салуу сунушу каралды, бирок депутаттар тарабынан ал колдоого алынган жок. 

Монеталар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл былтыркыга салыштырмалуу чет элдик инвестиция 15%га көбөйгөн
Эгер чечим кабыл алына турган болсо, бюджет 2,5 миллиард сомдон куру калганы турат. Мындай жетишсиздикти жабуу үчүн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө кошумча салык төлөмүн кошуу сунушталды.

Экономика министри Арзыбек Кожошевдин айтымында 200-300 квадрат метрге чейинки турак жайларга 0,35 пайыздан 0,5 пайызга чейин өсөт, 300 квадрат метрден жогору 0,8 пайызга салык төлөмү жогорулаары айтылды. Ал эми авто унааларга мотор күчүнө, чыккан жылына жараша салык кошулары айтылды. 

"Элдер кымбат унааларын сата албай баштары ооруп жатса, силер анын үстүнө дагы салык төлөткөнү жатасыңарбы? Мына 350 миллион бюджетке кошумча каржы таап келебиз деп айтып жатасыңар. Буга чейин эмнеге ошону жасаган жоксуңар? Демек, бирөөлөр ошол каражатты катып алып жүргөн экен да", — деген пикирин Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. 

Комитет төрагасынын айтымында 2016-жылы соода тармагында кескин төмөндөө болот. 

Экономика министри Арзыбек Кожошев мындай чечимди кабыл алуу менен ишкерлерге жаңы жылдык белек болорун белгиледи. 

"Ишкерлер мындай чечимди чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Андыктан аларды колдоого алганыбыз туура. Эгер бул сунуш ишке ашып кетсе Кыргызстандын экспорттук потенциалы кыйла жогорулайт", — дейт Кожошев. 

Мындай система алгач Бишкек жана Ош шаарларына жайылаарын министр кошумчалады.

Экономист Кубанычбек Дүйшөналиев өкмөттүн сатык салыгы боюнча сунушун толук колдойт.

"Мен өкмөттүн мындай сунушун колдойм. Себеби, сатыктан салык чогултуу болбогон нерсе. Тескерисинче, ишкерлерге колдоо көрсөтүү керек. Ал эми байлыгына жараша салык салуу акыйкат чечим. Себеби, кымбат унаа минген, чоң үйдө жашагандар көбүрөөк салык төлөшү керек. Азыркы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө болгон салык чоң пайызга жогорулабаптыр, айырма элдерге билинбей деле калса керек", – дейт эксперт.

Ал эми “Легпром” ассоциациясынын жетекчиси Фархад Төлөгөнов мындай система базардагы алып-сатарларга пайдалуу болуп, жеңил өнөр жайга тескерисинче залакасын тийгизерин айтты.

"Эгер сатык салыгы алынып салынса, четтен келген кийимдерге болгон баа төмөндөп, жергиликтүү тигүүчү өнөр жайга залакасын тийгизет. Себеби, биздин тигүүчүлөр тиккен кийим өтпөй калышы мүмкүн", — дейт Төлөгөнов. 

Белгилей кетчү нерсе, өкмөттүн демилгеси бүгүн Бюджет жана каржы комитетинен колдоо таба алган жок. Депутаттар суроолоруна толук жооп ала албагандыктан, сунушту жаңы жылдан кийин жакшылап иштеп келүү тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0