Майрамдык иш-чарага Кыргызстандын чар тарабынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылган. Алардын арасында окуунун мыктылары, олимпиаданын, эл аралык сынак, мелдештердин жеңүүчүлөрү менен бирге ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар.
Сахнада "Шаттык" хореографиялык ансамблинин тарбиялануучулары оюн-зоок көрсөтүп, аны "Керемет көч" мультфильминин каармандары — Актан менен Акылай алып барды. Оюн-зооктон кийин Алмазбек Атамбаев балдарды куттуктап, жакшы окууга, жакшы инсан болууга чакырды.
"Силердин билимиңер — келечектеги үйүңөр. Бул үйдүн бекем болушун кааласаңар, мыкты билим алууга умтулушуңар керек. Ата-энеңерди урматтап, мээримдүү жана сабырдуу болгула. Дайыма жакшылыкка ишенип, кыялданып жашагыла", — деди президент.
Жаңы жылдык кеченин соңунда балдарга өлкө башчынын атынан белек-бечкек таратылды.

Президенттин атынан уюштурулган жаңы жылдык балаты жума күнү Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өттү

Жаңы жылдык майрамга президент Алмазбек Атамбаев өзү катышты

Балдар үчүн "Шаттык" хореографиялык ансамблинин тарбиялануучулары оюн-зоок көрсөтүп...

... аны "Керемет көч" мультфильминин каармандары — Актан менен Акылай алып барды.

Сахнада болуп жаткан нерсенин баары чыныгы керемет сыяктуу туюлду

Жаңы жылдык кечеге республиканын чар тарабынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылган

Алардын арасында окуунун мыктылары, олимпиаданын, эл аралык сынак, мелдештердин жеңүүчүлөрү менен бирге ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар

Жаңы жылдын башкы каармандары — Аяз ата менен Аяз кыз майрамдын көркүн ачты

Президент Кыргызской Республики Алмазбек Атамбаев на президентской новогодней елке