Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда балдар үчүн президенттик жаңы жыл оюн-зоогу өтүп, ага өлкө башчы катышты. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы билдирди.
Майрамдык кечени "Керемет көч" мультфильминин каармандары — Актан менен Акылай алып барды. Оюн-зооктон кийин Алмазбек Атамбаев балдарды куттуктап, жакшы окууга, жакшы инсан болууга чакырды.
"Силердин билимиңер — келечектеги үйүңөр. Бул үйдүн бекем болушун кааласаңар, мыкты билим алууга умтулушуңар керек. Ата-энеңерди урматтап, мээримдүү жана сабырдуу болгула. Дайыма жакшылыкка ишенип, кыялданып жашагыла", — деди президент.
Жаңы жылдык кеченин соңунда балдарга өлкө башчынын атынан белек-бечкек таратылды.