АКШнын Өзбекстандагы аракеттеринин артында кытмыр максат турат

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүАмерика желеги жана герби. Архив
Америка желеги жана герби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскердик эксперт Игорь Коротченко Американын террористтик уюмдарга каршы күрөшүү боюнча коалицияга Өзбекстанды кошуу сунушунда кандайдыр бир башка максат бар деп эсептейт.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. АКШ Өзбекстанга "Ислам мамлекети" террористтик уюмуна каршы күрөшүү боюнча түзүлгөн коалицияга кошулууну сунуштады. Мында коалиция Өзбекстандан аскердик колдоодон баштап өлкөдөн ИМге согушкерлер менен финансы агымын кыскартууга чейин ар кандай нерселерди талап кылышы мүмкүн. 

АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: 1950-жылдары АКШнын атомдук бомбаларынын максаты СССР, Чыгыш Европа жана КЭР болгон
"Национальная оборона" журналынын башкы редактору Игорь Коротченко бул сунуштан америкалыктардын кытмырлык менен жасалган эсебин көрүүдө.

АКШ Борбордук Азиядагы аскердик таасирин күчөтүүнү каалайт. Көп кырдуу саясатты карманганына карабастан Ташкент Америка менен болгон мамилесин бекемдеп келе жатат. Жаңырар жылдын башында АКШ Казакстан менен Өзбекстандын өкүлдөрүн чогултуп, террористтик уюмдарга каршы аракеттерди талкуулоого белсенип жатканы маалым болду. Эмне себептен Америка дал ушул маалда сунуш киргизип жатканы белгисиз.

"Мында кандайдыр бир эсеп бар. Балким АКШ Өзбекстандан өзүнүн аскердик-аба күчтөрү үчүн база сурайт чыгар. Бул базалар учкучсуз башкарылган учактар үчүн пайдаланылышы толук мүмкүн, бул өз кезегинде америкалыктардын аскердик таасирин күчөтмөк. Мындан улам мага АКШ терроризмге каршы күрөшкөн коалицияны күчтөндүрбөй эле, жеке пайдасын көздөп жаткандай сезилүүдө", — дейт Коротченко. 

Эксперт АКШ аталган коалициянын курамында бир жылдан бери күрөш жүргүзүп келе жатканын, бирок мындан эч майнап чыга электигин белгиледи. 

"Кандай болгон күндө да биз АКШнын тигил же бул сунушунун артында кытмыр эсеп бар экенине дайым даяр болушубуз керек", — деди ал. 

2001-жылдан 2005-жылга чейин Өзбекстандын Ханабад шаарында америкалыктардын Афганистандагы аскердик операциясын камсыздап турган аскердик базасы иштеп келген. Анжияндагы көтөрүлүштү басуу аракетин сынга алгандан кийин Өзбекстан АКШ базасын жаап салган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0