БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. 90-жылдардан бери Өзбекстанды башкарып келе жаткан президент Ислам Каримовдун агасы Ибодулло Каримов 91 жашында Самарканд шаарында каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын жалпыга маалымдоо каражаттары билдирди.
Ибодулло Каримов "Тирүү падыша" мемориалдык комплексинде жерге берилери айтылууда. Аталган мемориалдык комплексте Каримовдун дагы бир агасынын сөөгү жашырылган.
Афрасиаб шаарчасынан анча узак эмес жерде орун алган "Тирүү падыша" комплекси тарыхый көрүстөндөрдөн. Бул жерде Мухаммед пайгамбардын тууганы Кусам Ибн-Аббастын күмбөзү жайгашкан деген божомолдор бар.
Көрүстөнгө жергиликтүү тургундар зыярат кылып келип турушат.