БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген 600 бала үчүн жаңы жылдык оюн-зоок өткөнүн шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-декабрь күнү өткөн майрамдык иш-чара мэриянын социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, ага борбор калаанын жетекчиси Кубанычбек Кулматов катышты.
"Биз баарыбыз бири-бирибиздин колдообузга, жылуулугубузга муктажбыз. Сиздердин жакшы жашоодо жашап, билим алууга, ишке орношууга кам көрүү — мамлекеттин да, коомчулуктун да милдети. Биз бул үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз", — деди мэр балдарды куттуктап жатып.
Иш-чаранын соңунда наристелерге таттуу белек-бечкектер берилди.