БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы уюлдук байланыштын толкундарын басуучу жабдык сатып ала турганы мамлекеттик сатып алуулардын порталында жарыяланган.
ЖАМК 18-декабрь күнү жабдык сатып алуу үчүн тендер жарыялап, буга 8 миллион 629 миң сом коротууну пландаштырып жатат.
"Келишим түзүлгөндөн кийин жабдуу 50 күндүн аралыгында толугу менен орнотулуп, ишке берилет", — деп айтылат билдирүүдө.
ЖАМК жалпысынан беш комплект сатып алууну пландаштырып жатат. Жабдуу менен кайсы мекеме камсыз болору азырынча белгисиз.