Бүгүн күндүз Бишкек шаарында 3 градус суук болот

Жазылуу
Кыргызгидрометтен билдиргендей күндүз ылдамдыгы 20 метрге чейин жеткен шамал болот.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарында күн —3 градуска чейин суук боло турганын Кыргызгидромет билдирди.

ӨКМ: Ала-Арча жана Аламүдүн суулары көзөмөлгө алынып, кышында кооптуулук жаратпайт
Маалыматка ылайык, борбор калаада жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. 

Ал эми Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетиши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0