"Айчүрөк" борбордук универмагы Бишкек шаарында 1974-жылы 14-августта ачылган.
Ак мрамор менен капталып салынган филармония 1980-жылы архитектор Алексей Печенкиндин долбоору менен курулган.
Учурдагы Кыргыз улуттук университеттин имараты // 1938-жылы салынган. Анын фасады 1951-жылы курулуп бүткөн.
Музей Улуттук сүрөт галереясы катары 1935-жылы 1-январда түптөлгөн. Учурдагы имарат 1974-жылы курулган.
800 киши бата турган улуттук театрдын имараты 1970-жылы салынган.
Жибек Жолу проспектисинде (Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы проспект) орун алган Чыгыш автовокзалы 1962-жылы ачылган.
Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмө павильонунун башкы имараты 1974-жылы архитекторлор Владимир Лызенко менен Александр Нежуриндин долбоору менен салынган.
1966-жылы Фрунзе шаарында велосипед тепкен спортчулар үчүн атайын аянтча ачылган. Бул жер бир гана спортчулардын эмес, шаар тургундары да сүйгөн жерге айланган.
Кыргызстан Компартиясынын борбордук комитетинин жана Кыргыз ССР министрлеринин имараты 1956-жылы түптөлгөн.
Шаардын чок ортосунан орун алган опера жана балет театры 1955-жылы 15-майда салынган. Негизги залдын төбөсүндөгү сүрөттөр Гапар Айтиевдин жетекчилиги алдында ишке ашкан. Ал эми имараттын чатырына коюлган композицияны скульптор Ольга Мануйлова жасаган.
Коммерциялык банктын өзгөчө архитектуралык имараты 1995-жылы курулган.
Алай канышасы Курманжан датканын эстелиги 2004-жылы коюлган. Буга чейин бул жерде Владимир Лениндин (1948-1984), Феликс Дзержинскийдин (1987-1999) жана Эркиндик монументи (1999-2004) турган.
. Көк-Жар кичи районундагы үйдүн дубалына түшүрүлгөн чийме. Бул үй 1980-жылдардын аягында колдонууга берилген.
Чүй жана Абдрахманов (Совет көчөсү) көчөлөрүнүн кесилишине скульптор Турганбай Садыков жасаган Уркуя Салиеванын айкели коюлган.
Бишкек шаарынын чок ортосунан орун алган цирктин имараты өткөн кылымдын 40-жылдары салынып башталган. Учурда биз көрүп тургандай тышкы келбети 1976-жылы курулуп бүткөн.
Улуу Ата Мекендик согуштун 40-жылдыгына арналып салынган Жеңиш аянтындагы мемориал 1985-жылы аяктаган. Анын ийилген аркалары боз үйдү элестетсе, колуна кесе кармаган аял жарын күткөн келиндерди чагылдырат.
Борбордук сүйлөшүү түйүнү 70-жылдардын башында ишке берилген. Ага биринчи жолу шаарлар аралык байланыш кошулган.