БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Апта соңунда аба ырайы кескин өзгөрүп, суук болору күтүлүп жатканын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-20-декабрь күндөрү Чүй, Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарында кар жаайт. Жолдор тоңголок болуп, толуу райондордо кар күрткүсү жана айрым жерлерде катуу шамалдын болушу күтүлөт.
Министрлик 20-21-декабрда абанын температурасы кескин төмөндөй турганын белгилеп, мындай аба ырайы автожолдордун абалын начарлатып, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, ошону менен бирге жайыттарда малды кармоону кыйындатарын кошумчалайт.