БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. 10-декабрдан 11-декабрга караган түнү "Тазалык" муниципалдык ишканасы шаарды кардан тазалаганын Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Бишкек шаары менен Чүй облусунда түнү менен кар жааган.
Карды тазалоо үчүн 16 атайын техника, 5 трактор, эки ЗИЛ жана төрт жүктөгүч машина тартылган. Борбор калаанын жолдоруна 492 тонна кум жана 36 тонна туз себилген.

Очистка снега сотрудниками муниципального предприятия "Тазалык" в Бишкеке
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Ошондой эле, жумушка жол-эксплуатациялоо башкармалыгынын 25 кызматкери жана "Тазалык" ишканасынын 95 короо шыпыргычы тартылган.
Учурда шаарды кардан арылтуу аракеттери улантылып, тротуарларды тазалоо иштери жүрүп жатат.
