БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кыргыз поэзиясынын өнүгүшүнө нар көтөргүс салым кошкон белгилүү акын Жолон Мамытовдун 75 жылдыгы салтанаттуу белгилене турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, эскерүү кечеси 8-декабрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын чоң залында саат 11.00дө башталат.
Иш-чарада акындын ырлары окулуп, сөзүнө жазылган чыгармалар аткарылат. Кечеге бийлик өкүлдөрү, чыгармачыл интеллигенция, акындын күйөрмандарынын катышууну күтүлүүдө.