Кыргызстандын эң мыкты бүркүттөрү

© Sputnik / Владислав Ушаков / Медиабанкка өтүүМүнүшкөр бүркүттү аңчылыкка кое берип жатат. Архив
Мүнүшкөр бүркүттү аңчылыкка кое берип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыздар атам замандан бери алдындагы тулпары, алгыр кушу, күлүк тайганы менен көкүрөк кага мактанып келген. Бир алгыр куш бүтүндөй айылды багып келген учурлар көп.

Жорго. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы эң мыкты күлүктөр менен жорголор кимдики
Боор этинен артык көрүп, ээси аны бирөөнүн жаман көзүнөн, суук сөзүнөн сак-сактап, кастарлап багып келген эмеспи. Өнөр атадан балага өтүп, учугу уланып, жер менен жексен болуп кетпей күнү бүгүнкүдөй кастарланып келет. Эзелтен келе жаткан мүнүшкөрлүк өнөр боюнча жылына Салбурун фестивалы өтүп келет. Sputnik Салбурун федерациясынын негиздөөчүсү жана президенти Алмаз Акуновдун жардамы менен учурда Кыргызстандагы эң алдыңкы беш бүркүтчү менен бүркүттөрдүн рейтингин түздү.

Акуновдун айтымында, бүркүт 45-50 жылга чейин жашайт. Аны балапан кезинен эле колго көндүрүп, бир жашынан баштап ууга салса болот. Бүркүттү орточо эсеп менен 20 жылга чейин колго кармап, андан кийин эркиндикке агытып жиберет.

© предоставлено Алмазом АкуновымКөк аяк, 5 жашта. Мүнүшкөрү Кылычбек Калкабаев (Ысык-Көл)
Көк аяк, 5 жашта. Мүнүшкөрү Кылычбек Калкабаев (Ысык-Көл) - Sputnik Кыргызстан
Көк аяк, 5 жашта. Мүнүшкөрү Кылычбек Калкабаев (Ысык-Көл)

1. "Көк аяк", 5 жашта. Мүнүшкөрү Кылычбек Калкабаев (Ысык-Көл). Бул бүркүт түрдүү чемпионаттарда түлкүнү көп алганы менен айырмаланат. 

© предоставлено Алмазом АкуновымКер чагыр, 5 жашта. Мүнүшкөрү Түгөл Абдыкадыров (Ысык-Көл)
Кер чагыр, 5 жашта. Мүнүшкөрү Түгөл Абдыкадыров (Ысык-Көл) - Sputnik Кыргызстан
Кер чагыр, 5 жашта. Мүнүшкөрү Түгөл Абдыкадыров (Ысык-Көл)

2. "Кер чагыр", 5 жашта. Мүнүшкөрү Түгөл Абдыкадыров (Ысык-Көл). Кер чагыр ууга чыкканда түлкүгө көп салынат.

© предоставлено Алмазом АкуновымМолор, 8 жашта. Мүнүшкөрү Кубат Эшмуканбетов (Ысык-Көл)
Молор, 8 жашта. Мүнүшкөрү Кубат Эшмуканбетов (Ысык-Көл) - Sputnik Кыргызстан
Молор, 8 жашта. Мүнүшкөрү Кубат Эшмуканбетов (Ысык-Көл)

3. "Молор", 8 жашта. Мүнүшкөрү Кубат Эшмуканбетов. (Ысык-Көл). 2015-жылы өткөн Салбурун фестивалында баш байгени жеңип алган. 

© предоставлено Алмазом АкуновымБерен, 4 жаш. Мүнүшкөрү Анвар Сатындиев (Ысык-Көл)
Берен, 4 жаш. Мүнүшкөрү Анвар Сатындиев (Ысык-Көл) - Sputnik Кыргызстан
Берен, 4 жаш. Мүнүшкөрү Анвар Сатындиев (Ысык-Көл)

4. "Берен", 4 жаш. Мүнүшкөрү Анвар Сатындиев. (Ысык-Көл). Көк камчы берендин тукуму. Өтө сейрек кездешкен бүркүттүн чоң түрү. 2015-жылы өткөн Салбурун фестивалында экинчи орунду ээлеген.

© предоставлено Алмазом АкуновымТумара, 13 жаш. Мүнүшкөрү Талгарбек Шайбыров (Ысык-Көл)
Тумара, 13 жаш. Мүнүшкөрү Талгарбек Шайбыров (Ысык-Көл) - Sputnik Кыргызстан
Тумара, 13 жаш. Мүнүшкөрү Талгарбек Шайбыров (Ысык-Көл)

5. "Тумара", 13 жаш. Мүнүшкөрү Талгарбек Шайбыров. (Ысык-Көл). Кыргызстандагы бүркүттөрдүн улуусу. Кыргызстандагы бүркүтчүлүк өнөрдү дүйнөгө жайылтууга чоң салым кошкон.

Жаңылыктар түрмөгү
0