00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Личный интерес
Стройка будущего: Бишкек принял международную выставку строительных технологий
16:34
24 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Көз мончок
Унчукпай калба жана коркпо: жумушта жана коомдук транспортто харассментке кантип каршы туруу керек
17:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Кто и почему переписывает историю Великой Отечественной войны?
18:11
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
8 мин
Стоп-кадр
КМШ, Балтика жана Грузия Бишкекте чогулуп, мыкты кыска метраждуу тасмаларды аныктады
19:09
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Личный интерес
Голос Кыргызстана в сердце Москвы: успех Эльнуры Муктарбек
20:10
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мектептердин жана бала бакчалардын директорлору эми кандай тандалат. Министрлер Кабинети жаңы тартипти бекитти
21:05
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кызыл-Белдиктер 150 баланын пособиеден куру калгандыгына нааразы болуп жатышат

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүВыдача пенсий в почтовом отделении №51 Грозного
Выдача пенсий в почтовом отделении №51 Грозного - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пособиеден куру калган жашоочулар алардын кырккан каражатын бийликтин бир катар бутактарынан үнөмдөө керек дейт.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылынын тургундары жөлөк пул чыккандардын арасынан 150гө чукулун тизмеден чийип салгандыгына нааразы. 

Кызыл-белдик энелер балдарга берилүүчү жөлөк пулдун кесилишине нааразы
Кызыл-Белде 400дөн ашык 18 жашка чейинки балага мамлекет тарабынан 775 сом өлчөмүндө жөлөк пул берилет. 

Айылдагы келиндер акыркы алты айдан бери пособие берилбей жергиликтүү социалдык кызматкерлер өкмөттүн буйругунун негизинде жөлөк пул алган адамдардын санын азайтып жатат деген маалыматты айтышты.

Кызыл-белдик Гүлчехра Хамзаева пособие алууга документтерин тапшыргандыгына жарым жыл болгондугун, бирок, улам кийинкиге калтырып, соцкызматкерлер тил эмизип келе жаткандыгын айтты. 

"Пособие алганга документ тапшырганыма, алты ай болду, улам эмкиде деп, кийинкиге жылдырышат. Салыктардын көлөмүн көбөйтүп, суунун, электр кубатынын баасын көтөрдү. Биздин эле айылда 150 адамдын пособиесин кыскартып салды", — деди нааразы болгон Хамзаева.

Айылдын дагы бир жашоочусу Жылдызхан Эгембердиева алардын кырккан каражатын бийликтин бир катар бутактарынан үнөмдөө керек дейт. 

"Мен үчүнчү балама жөлөк пул чыгартканга кагаздарды тапшырып, бир ай алгандан кийин токтотуп коюшту. Күйөөм Мосвкага иштегени барайын десе, кара тизмеге түшүп калыптыр. Жашоо кыйын болуп жатат. Депутаттардын санын, азайтып, ага кеткен каражатты жөлөк пулдарга жумшаса жакшы болот эле. Эл өкүлдөрү жеңилдиктерден баш тартып, парламенттин бюджетин азайтуу менен каражатты жакыр үй-бүлөлөргө берсин", — деди Жылдызхан Эгембердиева. 

Баткен райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Айыпов жөлөк пулдар чын эле кыскартылгандыгын, бул айыл өкмөтүндөгү түзүлгөн комиссия берген бүтүмүнөн улам жасалгандыгын айтты. 

Пособиеге документтерди кабыл алууну айыл өкмөтүнө өткөрүп берилгендиктен, бул сапар да алар кимге каражат чыгары боюнча документтерди топтоп берген.

"Курамында айыл башчысы да кирип, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан турган комиссия иштеп, тиешелүү критерийдин негизинде пособие ала тургандарды аныктап чыгат. Буга чеийин 400 бүлө пособие алса, жыл жыйынтыкталганда, кайрадан аларды тактап беришин суранып аталган комиссияга кайрылганбыз. Себеби, мыйзам боюнча киреше ашып кетсе, берилбейт деген мыйзамдар бар. Техникасы барлар, күйөөсү такси айдап иштесе, же мигрант болуп каражаты жеткендер жетиштүү жашаган делип, 100 үй-бүлөнүн документи алынган. Ошондо ал 150 балага жетип калат. Бул маалыматты Кызыл-Бел айылынын комиссиясы иликтеп чыгып берген", — деди Айыпов. 

Кемпирдин колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев тоодо күн кечирген 40 жаштагы пенсионерлер тууралуу айтып берди
Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси жергиликтүү жашоочуларга эмненин негизинде мындай чечим кабыл алынгандыгын түшүндүрүү иштерин айыл өкмөт жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Айыповдун айтымында, пособие алгандардын динамикасы Баткен районунда 41 пайызды түзөт жана бул башка аймактардыкына салыштырмалуу көп көрсөткүч. 

Ал эми төрт баланын энеси Хамзаева жөлөк пул алардын бүлөсүндөгү кирешенин негизги булагы экендигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0