Манасчылар "Семетейди" аяктап, "Сейтекке" жетишти

Жазылуу
Салтка айланып калган "Манас" айтуу аземи бардык каалоочулар үчүн ачык экенин "Саякбай манасчы" коомдук фонду билдирүүдө.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Күндөп-түндөп "Манас" айтып жаткан манасчылар "Семетейди" айтып бүтүп, "Сейтекке" жетишти. Бул тууралуу белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков Sputnik агенттигине билдирди.

Манасчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте манасчылар 4-5 сааттан "Семетейди" айтып жатышат
Үстүбүздөгү жылдын 27-ноябрында "Дасмия" этнографиялык комплексинде жети күндүк "Манас" айтуу башталган. Аны көпчүлүктүн суроосу менен, манасчылар "Семетейдин" окуясынан башташкан. 

Бир сааттан баштап төрт-беш саатка чейин окуяны бири-бирин улап айтып жаткан Талантаалы Бакчиев, Рысбай Исаков, Замир Баялиев, Дөөлөт Сыдыков, Улан Исмаиловго Жалал-Абаддан Салимбай Турсунбаев, Таластан Камил Мамадалиевдер келип кошулган. 

2Манас" айтуу 4-декабрга чейин уланат. Кирүү акысыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0