Бишкекте манасчылар 4-5 сааттан "Семетейди" айтып жатышат

Жазылуу
Манас айтуу Бишкектин "Дасмия" этнографиялык комплексинде өтүүдө. Иш-чара 4-декабрга чейин уланат. Кирүү акысыз.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкекте жети күндүк Манас айтуу уланып жатканын манасчы Замирбек Баялиев Sputnik агенттигине билдирди.

"Саякбай манасчы" коомдук фонду тарабынан уюштурулган иш-чара кечээ 27-ноябрь күнү түштө башталган. Баялиев манасчылар Каныкейдин кичинекей Семетей менен кайненеси Чыйырдыны алып, Букарга качканынан баштап айтышканын билдирди.

"Бири-бирибизди улап, эки сааттан 4-5 саатка чейин айтып жатабыз. Көпчүлүктүн суранычы менен "Семетейден" баштадык. Эл жакшы келип жатат. Учурда Рысбай Исаков айтууда", — деди манасчы.

Манас айтуу Бишкектин "Дасмия" этнографиялык комплексинде өтүп, 4-декабрга чейин уланат. Кирүү акысыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0