БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Белоруссиянын "Минск" улуттук аэропортунан сексуалдык максатта адам сатууга шектелген кыргызстандык аял кармалды деп билдирет Мамлекеттик чек ара кызматы.
Маалыматка ылайык, буга чейин 36 жаштагы жаран эл аралык издөөгө алынган. Анын Белоруссияга Түркия мамлекетинен учуп келгени аныкталды.
Учурда ал иликтөө иштери үчүн милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.