00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Первый весенний забег «Жаз деми». Старт, открывающий спортивный сезон
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как строится экспорт из Кыргызстана в страны ЕАЭС и что мы туда продаем
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Россия 2016-жылдан тарта Түркия менен визалык режим киргизет

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүСтамбул шаарынын жашоочулары. Архив
Стамбул шаарынын жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сенатор Константин Косачев Түркиянын террористтер менен болгон байланышы буга чейинкиге караганда бир кыйла тыгыз болуп жатат деген ойдон улам визалык режим киргизилип жатканын түшүндүрдү.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Россия 2016-жылдын 1-январынан тарта Түркия менен визалык режимди киргизүү чечими кабыл алды. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

"Россиянын жетекчилиги Түркия менен болгон визасыз режимди токтотуу тууралуу чечим кабыл алды. Ал кийинки жылдын январынан тарта күчүнө кирет", — деп Лавров маалымат жыйында билдирди.

Медведев "Су-24" окуясы боюнча: Россия менен Түркиянын ынтымагына доо кетти
Федералдык кеңештин эл аралык комитетинин башчысы Константин Косачев белгилегендей, виза режимин киргизүүгө себеп болгон жагдайлардын бири "Түркиянын "террористтик интернационалдар" менен болгон тыгыз байланышы артып жатат деген ойдон улам", болууда.

Косачев мындай байланыштар экстремисттик элементтердин Түркиянын аймагына кирип, "аларга жакпаган" өлкөлөргө террордук кызыкчыларын колдонууга алып келиши мүмкүн деген шектенүү бар экенин баса белгиледи.

"Мындай учурда визалык режимди катуулатуу улуттук коопсуздукту камсыздоого карата көрүлгөн чаралардын бир бөлүгү",— дейт ал.

Визасыз режимди токтотуу Москванын Анкарага карата жасаган акыркы аракети эместигин Мамдуманын эл аралык комитетинин төрагасынын орун басары Леонид Калашников айтат.

"Менимче мындай туура чечимдер акыркылардан эмес. Түркия тараптан да ушундай эле чечим кабыл алабы же жокпу ал биздин ишибиз эмес. Алар үчүн биздин туристтер жыл сайын барып 4 миллиардаган каражатты коротуп келүүсү маанилүү", — дейт ал.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Россия башчысы Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркия президенти Парижде Путин менен жолугууну ниет кылууда
Россия менен Түркиянын ортосундагы визасыз режим 2011-жылдын апрель айынын тарта эки тараптуу келишимдин негизинде күчүнө кирген.

Москва менен Анкаранын мамилеси Су-24 аскер учагынын түрктөрдүн F-1 учагы тарабынан аткыланып кыйратылгандан кийин солгундай түшкөн. Бул аракеттер Россия менен Түркиянын мамилелерине доо кетиргенин премьер-министр Дмитрий Медведев билдирген эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0