БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Эсеп картасын уурдап, банктан 136 миң сом алып алган 17 жаштагы кыз кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 9-ноябрында Бишкектин Динара аттуу 50 жашар тургуну шаардын Панфилов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинен кыздар анын капчыгын уурдап алганы жөнүндө арыз менен кайрылган. Анын айтымында, намыяндын ичинде эсеп картасы жана пин-код жазылган кагаз болгон.
Ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында акча уурдоого шектелип 17 жаштагы Нуркыз аттуу жаран колго түшүрүлгөн. Учурда тергөө иштери башталды.