БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Өлкө аймагында жыл сайын орто эсеп менен 3,5 майда жана ири жер титирөө болуп турат. Мунун себеби, Кыргызстан Жер шарынын сейсмологиялык жактан кооптуу аймактарынын биринде жайгашкандыгынан улам болот. Бул тууралуу Sputnik агенттигине КР Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун сейсмологиялык коопсуздук лабораториясынын башчысы Медербек Өмүралиев.
Анын сөзүнө караганда, өлкөнүн эки аймагы сейсмологиялык жактан өтө активдүү болуп эсептелет. Алар Алай ойдуңунда жайгашкан Ош, Баткен облустары жана Ысык-Көл ойдуңунун Түп айылына жакын жердеги бөлүк. Республикада жер титирөөнү кыска мөөнөттө алдын ала айтуу өтө кыйын.
"Биз жакынкы күндөрдө же сааттарда жер титирей турганын айта албайбыз, бирок узак мөөнөттүк алдын ала божомолдоолорду жасап, ӨКМге билдирип турабыз", — дейт адис.
Ал ошондой эле акыркы он жылда Кыргызстанда бир нече катуу жер титирөө болуп, түрдүү кыйроолорго жана адам өлүмүнө алып келгенин кошумчалады.
26-декабрь, 2006-жыл, Нарын облусунун Кочкор району
Ал күнү түңкү саат 02.00дө болгон жер титирөөнүн күчү Рихтердин мамычасы менен магнитудасы 6,6га жеткен. Бишкекте жер кыртышынын силкиниши 4,5 балл чегинде сезилген. Анда он турак үй толук кыйрап калган эле. Жер толкуну Балыкчы шаарына да жетип, ал жакта 12 турак үй жарым-жартылай талкаланган.
5-октябрь, 2008-жыл, Ош облусунун Нура айылы
14-февраль, 2011-жыл, кайра эле Нура айылы
2011-жылдын февралында ошол эле Нурада жер титиреп, бирок бул жолу кудай жалгап, адам өлүмү жана материалдык жоготууларга айыл учураган эмес. Анын күчү 5 баллга жетип, силкинүү очогу Нура айылынан 10 чакырым алыстыкта орун алган.
20-июль, 2011-жыл, Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кан айылы
28-январь, 2013-жыл, Ысык-Көл облусунун Түп району
Ысык-Көл жээгиндеги бир нече райондо жер силкинип, күчү MSK-64 мамычасы боюнча 6,5 баллга жеткен. Борбору Казакстанда, Чолпон-Ата шаарынан 100 чакырым аралыкта жайгашкан. Түп районунда 103 турак үй жабыр тартып, кырсыктын кесепеттерин жоюуга 303 миллион сом бөлүнгөн.
14-ноябрь, 2014-жыл, Ысык-Көл облусу, Тоң району
Саат 07.24тө болгон жер титрөөнүн очогу Кажы-Сай айылынан түндүк чыгышты карай 17 чакырым аралыкта жана Тоң айылынан 60 чакырым аралыкта жайгашкан.
Экинчи жолу, ӨКМдин маалыматы боюнча, саат 08.09 жер силкинип, анын очогу Кажы-Сай айылынан беш чакырым жана Тоң айылынан 16 чакырым аралыкта жайгашып, күчү төрт баллга жеткен. Натыйжада турак үйлөр менен социалдык максаттагы имараттарда жарака кеткен. Каза болгондор болгон эмес.
Жабыр тарткандарга өлкөнүн булуң-бурчтарынан эл менен жергиликтүү башкаруу органдары чогулткан гуманитардык жүктөр жөнөтүлгөн.
17-ноябрь, 2015-жыл, Ош облусу
Европанын EMSC жер ортолук сейсмологиялык борбордун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстанда — Ош шаарынан чыгышты карай 45 чакырым, Өзгөндөн түштүк-чыгышты карай 42 чакырым, Бишкектен түштүк-батышты карай 272, Жалал-Абаддан түштүк-чыгышты карай 73 чакырым аралыкта орун алган. Координаталарга караганда, ал жерде Кара-Кулжа турат. Жердин силкинүүсү Бишкек убактысы боюнча саат 23.29да катталып, анын очогундагы күчү 5,9 балл, тереңдиги 10 чакырымды түзгөн. Окуядан кийин Ош облусунун Жарандык коргоо боюнча комиссиясы 3 381 турак үйдү текшерип чыгып, I даражадагы кыйроого 897 үй, II даражадагы кыйроого 1 401, IIIсүнө 856 жана IVсүнө 227 дуушар болгонун аныктаган. 570 үй такыр жараксыз деп табылган. Курман болгондор жок.
Сейсмологиялык коопсуздук лабораториясынын башчысы Медербек Өмүралиев белгилегендей, узак мөөнөттүү келечекте Кыргызстанда бир нече жолу жер титиреши күтүлөт. Мындан үч жума мурун Афганистан менен Пакистандын чек арасында 7,5 баллдык жер титирөө болуп, 1,5 миң адамдын өмүрүн алып кеткен. Ал эми жазында Непалда болгон жер силкинүүдөн үч миңден ашык адам каза тапкан.
"Акыркы жер титирөөлөрдүн кесепетинен бизде да активдешүү жүрүп жатат. Жер кыртышы мынча катуу силкинбейт, бирок Кыргызстанда бул табигый көрүнүштүн жанданышы 2018-2020-жылдарда күтүлөт. Орто эсеп менен алардын күчү 6-7 баллды түзөт", — деп кошумчалады Өмүралиев.
Ал жер титирөө учурунда эл өзүн сабырдуу кармап, өзгөчө кырдаал учурунда сыртка, коопсуз жайга чыгуунун бардык эрежелерин эске тутуу керектигин баса белгиледи.