БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. "Ислам мамлекети" эл аралык террористтик тобунун согушкерлери Вашингтондогу Ак үйдү жардыра турганын айтып жатканын Fox News телеканалы жарыялады.
Телеканалдын айтымында, алты мүнөттүк ролик Париж терактылары чагылдырылган 40 секунддук репортаж менен башталат. Андан ары эки согушкердин бири Американын келечек тагдыры тууралуу сүйлөп берет. Экинчиси камерага келип "Франция, биз силерден баштадык, эми биздин жардыруудан кийин күлү көккө сапырылган Ак үйдөн улантабыз" дейт.
Нью-Йорк полициясынын комиссары Уильям Брэттон мындай кайрылуулар эски кадрларды пайдалануу менен тез эле даярдала турганын билдирди.
"Согушкерлер шаардыктарды коркутуп жатышат, бирок биз буга жол бербейбиз", — деди комиссар.
Бул акыркы 24 сааттын ичиндеги АКШга карата экинчи видео кайрылуу болуп саналат.