БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Бейшемби күнү Ош тергөө абагынын камерасында асынып калган жаран табылганын Sputnik агенттигине ЖАМКтын маалымат кызматы билдирди.
Адам өлтүрүп августта түрмөгө түшкөн 24 жаштагы Дүйшөнбек Кожубаев өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.
ЖАМК учурда окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын белгилейт.