БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы кыска метраждуу көркөм жана даректүү фильмдердин сынагын жарыялады.
"Конкурска катыша турган кесиптик жана кино сүйүүчүлөрдөн тасмалар ушул жылдын 1-декабрына чейин кабыл алынат да, жыйынтыгы 10 числодо чыгарылат", — деп Ош шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын жетекчиси Топчубай Досбаев билдирди.
Ош шаарынын мэриясынан маалымдашкандай негизги максат – шаар калкынын маданияттуу эс алуусуна шарт түзүү эл арасында өнөр ээлерин коомчулукка кеңири таанытуу.
"Ага теле-кино жаатындагы кесипкөйлөр, кино жана кесиптик студиялар, окуу жайлардын теле-компаниялары, чыгармачыл бирикмелер, көз карандысыз авторлор, аймактык, мамлекеттик, ЖМКлар, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катыша алат", — деп айтылат мэрия тараткан маалыматта.
Конкурстун уюштуруучулары сынак кыргыз жана орус тилдеринде өтөөрүн, ал эми чет тилдеги тасмаларда кыргыз тилинде субтитрлери болууга тийиш экендигин билдиришти.