БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда дзюдо боюнча өтө турган "Хан Манас" Эл аралык мелдешине 400дөн ашуун спортчу келе турганын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, таймаш 5-6-декабрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында өтөт.
Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Россия, Монголия жана Түркиядан келген 400дөн ашуун жаш спортчу катышат.
Турнирдин башкы байгеси — колодон куюлган "Хан Манас" кубогу. Ал эң көп медалга ээ болгон командага ыйгарылмакчы.