БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында балдар жана кыздардын арасында дзюдо боюнча мелдеш өтө турганын спорттун аталган түрү боюнча федерация билдирди.
Маалыматка ылайык, биринчилик 13-16-ноябрь күндөрү "Күрөш Ордо" комплексинде өтөт. Турнирге 1996-2000-жылдары туулган өпүрүмдөр катыша алат.
Жеңишке жетишкен спортчулар диплом жана медалдар менен сыйлануусу белгиленди. Уюштуруучулардын айтымында, мелдеш дзюдонун жаштар арасында кеңири жайылтуу максатын көздөйт.