Ысык-Атада 3-класстын кыздарына асылган 62 жашар мугалимдин акыл-эси текшерилет

Жазылуу
Милицияга эки кыздын ата-энеси арыз менен кайрылып, 62 жаштагы дене тарбия мугалими сабакта аларга асылганын айтышкан.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Ысык-Атада 3-класстын кыздарына арам ой менен асылган дене тарбия мугалимине карата психиатриялык экспертиза дайындалганын Чүй облусунун ШИИБ билдирди.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык жаран Москвада азиз кызды зордуктоого шектелип жатат
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 11-ноябрында Ысык-Ата РИИБне эки кыздын ата-энеси арыз менен кайрылып, 62 жаштагы дене тарбия мугалими сабакта аларга асылганын билдирген.

Учурда окуянын чын-төгүнүн аныктоо үчүн кыздарга карата сот-медициналык жана психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындалды. Милициянын билдирүүсү боюнча, психиатриялык экспертизадан мугалим да өтөт.

Аталган окуяны териштирүүнүн жүрүшүн Чүй облусунун ШИИБ жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0