БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Москванын Тушино соту 27 жаштагы азиз кызды ур-токмокко алып зордуктады деп шектелген жаранды камакка алуу чечимин чыгарганын РИА Новости агенттигине соттун маалымат кызматы билдирди.
Кылмышка шектелген жаран Россияга эки жума мурун иштегени келген кыргызстандык экендиги тууралуу маалымат мындан бир аз мурун тараган. Андан тышкары, ал жаран эркин күрөш боюнча спорттун чебери экени аныкталган.
"Сот шектелген адамды карата камакка алуу чечимин чыгарды", — деди сот өкүлү.
Жабыркаган кызды оор абалда жергиликтүү тургундардын чакыруусу менен келген тез жардам кызматкерлери алып кеткен.
Кармалган жаранга карата "зордуктоо" жана "күч колдонуу менен каракчылык кылуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, анын ушул сыяктуу башка окуяларга тиешелүүлүгү текшерилип жатат.