БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Молдова өкмөтүнүн имаратына бомба коюлганы жөнүндө маалымат жалган болуп чыкканын Sputnik Молдова агенттигине өкмөттүн маалымат катчысы Вероника Гербовецки билдирди.
Полиция өкмөттүн имаратынан эч кандай шектүү зат табышкан жок.
Анын айтымында, атайын адисттер текшерүүнү аякташты.
"Азыр 300-400дөй кызматкерге бөлмөсүнө кирүүгө уруксат берилди", — деди Гербовецки.
Бомба коюлганы жөнүндө маалымат тараткан киши кармалганы буга чейин маалымдалган.
Мындай аракеттер Молдованын кылмыш жаза кодекси боюнча эки жыл түрмөгө кесилет же, 10 миң лей айып салынат.