00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Манас" аэропортунун жүргүнчүлөрүнөн карызды жабууга $15 алышмакчы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖүргүнчүлөр аэропортто. Архив
Жүргүнчүлөр аэропортто. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык каттам боюнча учуп жаткан жүргүнчүдөн алынуучу төлөм 10 долларды түзөт.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. КРдин Транспорт жана байланыш министрлиги ар бир жүргүнчүдөн аэропорттун төлөмү иретинде 15 доллар өлчөмүндө акча алуу тууралуу токтомдун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Аэропорттук төлөм деп ар бир эл аралык каттам боюнча уча турган жүргүнчүдөн алынуучу акы аталат. Азыркы кезде анын көлөмү 10 долларды түзөт. 

Жаңы жылдык корпоративде "Манас" аэропорту 1,5 млн. сомго шапар тебет
Мындай төлөмдөн түшкөн акча аэропорттун Бишкек –"Манас" аэропорт жолун (7,5 — 30,5 чакырымы) капиталдык оңдоого сарпталган. Мындан тышкары, Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фондго карызын төлөөгө жумшалмакчы.

Ошондой эле каражат аэропортту техникалык кайра жабдууга, учуп-конуу талаасына жарык менен белги берүү системасын жабдууга, андан тышкары, "Манас", "Ош", "Каракол", "Ысык-Көл", "Баткен" аэродромдорун реконструкциялоо жана куруу иштерине, аймактык аэропортторду өнүктүрүүгө жана кароого жумшалат. 

Министрликтен түшүндүрүшкөндөй, 2013-жылы өкмөт өлкөнүн бардык аэропортторунун инфраструктурасын жашыртуу тапшырмасын койгон.

ААКнын директорлор кеңеши 2013-2018-жылдарга карата жалпы көлөмү 11, 6 миллиард сом инвестициялык планды бекитип, анда аймактык аэрпортторду реконструкциялоо иштери да каралган. 

Ошону менен катар "Манас" аэропортуна ("ЭМА" ААК) инвестициялар 2013-2015-жыл аралыгы үчүн каралып, имараттарды реконструкциялоо жана аэровокзалга кошумча курулуштарды салуу, жабдууларды жаңылоо жана атайын техниканы жарым-жартылай сатып алуу боюнча башталган иштерди аягына чыгарууга гана эсептелген. 

"Манас" аэропортунун аймагында жана инфраструктуралык долбоорлор менен ишкердикти өрчүтүү жана учуп-конуу тилкесин куруу аталган программада каралган эмес деп айтылат долбоорго карата берилген түшүндүрмөдө. 

Ошол эле учурда аэропортко карай жол "ЭМА" ААК, Россиялык-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана башка булактардын каражатына оңдолуп жатат. Мындай чечим быйыл 12-мартта өткөн премьер-министрдин кеңешмесинде кабыл алынган. 

Диль: Бишкек – "Манас" аэропорту жолун оңдоодо коррупциялык схема болушу мүмкүн
Жакынкы 2-3 жылда аэропорттун учуп-конуу тилкесин толук кайра оңдоо же жаңысын куруу маселеси көтөрүлөт. Келечекте экинчи тилкени куруу зарыл деп айтылат негиз-катта. 

Аэропорт пайдаланууга 1974-жылы берилген. Жасалма учуп-конуу тилкесинин каптамы акырындык менен начарлап баратат. Жыл сайын буга 7-8 миллион сом жумшалат. 

Транспорт министрлигинде, эгер аталган тилке капиталдык оңдоодон өтсө, жакынкы он жылда жер-жерлерин оңдоо иштерин жүргүзбөй койсо болот. Мындан 80 миллион сомго чейин үнөмдөп калуу мүмкүндүгү болжолдонууда. 

Жыл сайын "ЭМА" ААК учуулар үчүн төлөмдөн 500 миллион сомдон ашык киреше алат. Бул жарандык учактарды тейлөөдөн түшө турган жалпы кирешенин 30 пайызын түзөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0