БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык жарандарды 400 миң сомдон ашуун акчага алдап кеткен Саламат Низомидинова аттуу тажикстандык аял кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция үч жарандан түшкөн арыздын негизинде иликтөө иштерин жүргүзгөн. Аял кыргызстандыктардын акчасын үй алууга жардам берем деп алып кеткен.
50 жаштагы Низомединова учурда Свердлов райондук соттун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынды. Учурда анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси текшерилүүдө.