00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Бишкеку - 148: история города, которую можно пройти пешком
08:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Трудности перевода: почему кыргызским писателям не хватает переводчиков
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Балдардын суудагы коопсуздугу толугу менен ата-энелеринен көз каранды!». Сууга түшүүдө кандай коопсуздук эрежелерин сактоо керек?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Больше денег, меньше вакансий: изменит ли реформа кадровый кризис в школах КР
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
13:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Студенческий стартап в КР: 10 команд получили гранты и вышли на реальный рынок
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Ормуз кризиси ЕАЭБ мамлекеттерине азык-түлүк жаатында кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Зарыл болсо соот кийип жоо чапкан: кыргыз кыз-келиндеринин тарыхтагы орду
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Цифровая гигиена для всей семьи: как защитить ребенка в интернете
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Париждеги террактылардын кесепетинен 150гө чукул адам өлдү. 8 террорчу жок кылынды

© REUTERS / PHILIPPE WOJAZERПариждеги терракт болгон жерде куткаруучулар.
Париждеги терракт болгон жерде куткаруучулар. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Францияда террактылардан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Париждеги ири террактыдан 120дан 150гө чейин адам каза болгонун РИА Новости билдирди.

Франциянын борборунда жума күнү кечинде террактылардын сериясы болду. Бардыгы болуп сегиз террорист жок кылынды.

Өлкө жетекчилиги мамлекеттин бардык аймагында өзгөчө кырдаал жарыялап, чек араларды жапты. Көптөгөн чет өлкөлөрдөн Франция элине көңүл айтылып, жардамдар сунушталууда. 

© REUTERS / Christian HartmannФранциянын борборунда жума күнү кечинде террактылардын сериясы болду.
Франциянын борборунда жума күнү кечинде террактылардын сериясы болду. - Sputnik Кыргызстан
1/4
Франциянын борборунда жума күнү кечинде террактылардын сериясы болду.
© REUTERS / Christian HartmannПариждеги ири террактыдан 120дан 150гө чейин адам каза болду.
2/4
Париждеги ири террактыдан 120дан 150гө чейин адам каза болду.
© REUTERS / CHRISTIAN HARTMANNӨлкө жетекчилиги мамлекеттин бардык аймагында өзгөчө кырдаал жарыялап, чек араларды жапты.
3/4
Өлкө жетекчилиги мамлекеттин бардык аймагында өзгөчө кырдаал жарыялап, чек араларды жапты.
© AFP / FRANCK FIFE Бардыгы болуп сегиз террорист жок кылынды.
4/4
Бардыгы болуп сегиз террорист жок кылынды.
1/4
Франциянын борборунда жума күнү кечинде террактылардын сериясы болду.
2/4
Париждеги ири террактыдан 120дан 150гө чейин адам каза болду.
3/4
Өлкө жетекчилиги мамлекеттин бардык аймагында өзгөчө кырдаал жарыялап, чек араларды жапты.
4/4
Бардыгы болуп сегиз террорист жок кылынды.

Полицияга таянуу менен француз маалымат каражаттары өз-өзүнчө болгон жети кол салуу болгонун белгилейт.

Алгач белгисиз адамдар Париждин 10-округундагы ресторандын биринен ок чыгарган. Андан кийин америкалык рок-группанын концерти өтүп жаткан "Батаклан" театрында 100дөй адам барымтада калып, көрөрмандардын айрым бөлүгү качып чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Күбөлөр кол салгандардын бири "Бул Сирия үчүн!" деп кыйкырганын белгилейт.

Ошол эле учурда бир нече белгисиз адам театрды курчоого алган укук коргоо органдарынын кызматкерлерин аткылай баштады деген кабар келген. 

Мындан тышкары, алдын ала маалымат боюнча Фрнация менен Германиянын футбол командалары беттешип жаткан "Стад де Франс" стадионунун жанынан эки же үч гранат жарылганы белгилүү болгон. Стадиондо Франциянын президенти Франсуа Олланддын да бар экени айтылууда.

Анкарада 30 адамдын өмүрүн алып кеткен жардырууга байланыштуу Эрдоган борборго кайтып келди
iTele телеканалы билдиргендей, Париждеги бир нече жардыруунун экөөсүн жана ресторандагы жардырууну жан кечти террористтер жасашы мүмкүн. Кийинчерээк Monde басылмасы үч жан кечти стадиондон өзүн жардырып, үч жөнөкөй жарандын өлүмүнө себепкер болгонун жарыялады.

Андан кийин Сена дарыясынын оң жагындагы Париждин бир катар көчөлөрүндө жайгашкан ресторандар аткылоого туш болгондугу тууралуу маалымат тараган. 

Каза болгондор менен жабыркагандардын саны мүнөт сайын өсүп, алгач 25 набыт кеткендер жөнүдө айтылса, кийин француз ЖМКлары 60 адам көз жумганын билдирди.

Париж мэриясы шаардыктарга тез аранын ичинде үйлөрүнө кайтып, эч жакка чыкпоону сунуштады. Көп сандагы өлүмдөн жана жабырлануучулардан улам Париж ооруканалары күчөтүлгөн иш режимине өтүштү.

Парижде жума күнү кечинде болгон бир катар террордук чабуулдарды "Ислам мамлекети" террористтик тобу мойнуна алганын италиялык Sky Tg24 маалымат телеканалы жар салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0