БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Эл аралык уюмдар Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын жаңы келген депутаттарын Кой-Таш айылына алып барып, эки күн окутат. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
"Эл өкүлдөрүнө 20-22-ноябрда парламентаризм жана парламенттик укук, парламенттин иш-милдеттери менен ыйгарым укуктары, ЖКнын мамлекеттик бийлик институттары менен өз ара байланышы жаатында сабак өткөрүлөт", — деп билдирди маалымат кызматы.
Жаңы эл өкүлдөрүн окуткан семинарга эл аралык уюм жетекчилеринин, башка өлкөлөрдүн парламент депутаттарынын катышуусу күтүлүүдө.
Маалымат кызматы бул иш-чараны уюштурууга парламенттин бюджетинен каражат бөлүнбөй тургандыгын билдирди.